Системалык интеграция – ишкананын технологиялык жана бизнес процесстерин автоматташтыруу боюнча комплекстүү чечимдерди иштеп чыгуу.

Компания кеңири профилдүү интегратор болуп саналат. Ар кандай татаалдыктагы маалыматтык технологияларды жана телекоммуникациялык долбоорлорду интеграциялоону ишке ашырууга жардам берет.

Биздин компания долбоор боюнча бардык иштерди аткарат: техникалык шарттарды даярдоо, долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу, жабдууларды тандоо жана жеткирүү, курулуш-монтаждоо иштери, ишке киргизүү жумуштары, жабдууларды эксплуатациялоого киргизүү, персоналды окутуу, кепилдик кызматы.

Кызмат кандай көйгөйлөрдү чечет?

1

Гетерогендик элементтерден түзүлгөн универсалдуу системаларды иштеп чыгуу жана практикалык ишке ашыруу.

2

Эмгек өндүрүмдүүлүгүн жакшыртуу боюнча программаларды жана сунуштарды иштеп чыгуу.

3

“Нөлдөн баштап” түзүү, үзгүлтүксүз жана коопсуз бизнес процесстерин туруктуу колдоо.

4

Өнөр жай ишканаларынын жана башка бизнес структуралардын жалпы башкаруу даражасын жогорулатуу.

5

Ар кандай системаларды практикалык колдонуу менен коштолгон бир кыйла чыгымдарды азайтууга мүмкүнчүлүк берген бизнес жүргүзүү методологиясын түзүү.